Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Кемероводогу карылар үйүндө чыккан өрттөн 22 киши каза болду


Өрт чыккан үй. Кемерово, Орусия.
Өрт чыккан үй. Кемерово, Орусия.

​Орусиянын Кемерово шаарында карылар үйү жайгашкан үйдөн өрт чыгып, 22 киши каза болду. Алты киши жараат алган. Алардын экөө оор абалда ооруканада жатканы кабарланды.

20 киши жашаган үйдүн экинчи кабаты толугу менен күйүп кеткен. Кемерово облусунун прокуратурасы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Тергөө комитети этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү беренесинин негизинде иш козгоду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрткө жылыткычтын бузулушу же мештеги оттун өчүрүлбөй калышы себеп болгон. Кырсык болгон карылар үйү мыйзамсыз ачылганы кабарланууда. Анда өрттү өчүрүү системсы дагы жок болушу ыктыма экени айтылды.

Облустун башчысы Сергей Цивилев аймактагы бардык карылар үйүн тешерүүнү тапшырды.

Өрт чалган карылар үйүнүн кожоюну жергиликтүү тургун Андрей Смирнов. 2021-жылы мурдагы кызматкери аны кары-картаңдарга кордук көрсөтүп, пенсиясын өзүнө ыйгарып алган деп айыптап чыкканын "Сибдепо" басылмасы жазган.

  • 2022-жылы январда Кемероводогу менчик карылар үйүндө өрт чыгып, төрт киши каза болгон.
  • 2018-жылы "Зимняя вишня" соода борборунда ири өрт катталып, 60 киши каза болгон. Алардын 37си балдар. Мындан сырткары 147 киши жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG