Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

УКМК "Акун" пансионатына 17 гектар жер мыйзамсыз берилгенин билдирди


"Акун" пансионатынын дрондон тартылган сүрөтү. УКМКнын сүрөтү.
"Акун" пансионатынын дрондон тартылган сүрөтү. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусундагы "Акун" пансионатынын жеке менчигине 17,65 гектар жер тилкеси майзамсыз берилгенин билдирди.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 24-декабрда кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту "Акун" пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган. Анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик акты мыйзамсыз берген.

Атайын кызмат 371 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын маалымдады.

"Акун" пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Азырынча алардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, төрт санаторий, 364 чакан мейманкана, сегиз эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан. (КЕ)​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG