Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Bloomberg Кытайда бир күндө 37 млн. киши COVID-19га кабылганын жазды


Кытайда 20-декабрга карата коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден аныкталды. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазды.

Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес.

Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңилдеткенине байланыштырууда.

Бул калктын иммунитети төмөн катмарында вирустун омикрон штаммынын жайылышына алып келген. Айрыкча борбор калаа Бээжиндин жана Сычуань провинциясынын жашоочуларынын жарымынан көбүнө жуккан.

Bloomberg басылмасынын маалыматынан кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин өлкөдө коронавирус инфекциясы боюнча абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Кытай бийлиги ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG