Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Президент Жапаров иш сапары менен Баткенге барды


Баткен районундагы "Орто-Боз" чек ара тозоту. 27-май, 2021-жыл.
Баткен районундагы "Орто-Боз" чек ара тозоту. 27-май, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 24-25-декабрда иш сапары менен Баткен облусунда боло турганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана ички жолдорду реконструкциялоо иштери, бир катар инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышат.

Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда кыргыз-тажик чек арасы боюнча коңшу өлкө менен мунаса табылганын, жакында эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстанда өтөрүн жана анда тиешелүү документтерге кол коюларын айткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 км такталып, талаштуу делген 290 чакырымы калды.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келет. Быйыл 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.

Кыргызстан төрт өлкө - Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек ара сызыгы буга чейин эле толук такталып бүткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG