Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Кемпир-Абад иши: Активист Капаров ачкачылыкты токтотту


Чыңгыз Капаров.
Чыңгыз Капаров.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Чыңгыз Капаров ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотконун Акыйкатчы институту №1 Тергөө абагынын медициналык бөлүмүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Капаров ачкачылыкты токтотконун жазуу түрүндө маалымдаганын абактын нөөмөт бөлүмү оозеки билдирген.

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери 24-декабрда Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесине же Бишкектеги №1 тергөө абагына кирип, активист Айбек Бузурманкуловго жолуккан. Маалыматта ал жаткан камерада төрт киши бар экени айтылат.

Бузурманкулов камерадагы жарыктын начардыгына, желдеткич иштебей жатканына жана санитардык талаптарга жооп бербей турганына арызданган.

Камерадагы антисанитардык абалга буга чейин активист Эрлан Бекчоро уулу дагы даттанган.

Ноябрь айынын соңунда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Чыңгыз Капаров Бишкектеги №1 тергөө абагынан медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Чүйдүн Молдовановка айылындагы колонияга которулган. Буга чейин Капаровду дарыгерлер текшергенде кулагынын өнөкөт оорусу кармаганын, көрүүсү начарлаганын айтып, Молдовановкадагы №31 колониянын борбордук ооруканасына которушкан.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин 14ү ачкачылык кармап, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптадан ашты. Буга чейин саясатчы Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугунан улам ачкачылыкты токтотконун 22-декабрда акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирген.​

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын айткан.

Байыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренесине алмаштырылып жатканы маалымдалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG