Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кыргызстан менен Иран товар жүгүртүү боюнча маалымат алышууну макулдашты


Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази. Бишкек, 2022. декабрь
Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази. Бишкек, 2022. декабрь

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази жолугушуп, эки өлкө товар жүгүртүүдөгү маалыматтар менен алмашууну макулдашты.

Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык кызматташтык, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Кыргызстандын Иран менен түз чек арасы жок. Экономикалык жактан алганда эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 11 миллион доллардын тегерегинде экени айтылат.

Былтыр жайында Бишкекте Кыргызстан-Иран бизнес форуму өткөн. Анда кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн Ирандан айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика жана медициналык шаймандарды өндүрүү жаатындагы 40 ири компаниянын өкүлдөрү келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG