Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Villa V Club ресторанында чыккан өрт өчүрүлдү


Villa V Club ресторанынындагы өрт. 25-декабрь, 2022-жыл.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан Villa V Club ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 25-декабрда эртең менен катталган тилсиз жоо саат 16:00гө жакын толук өчүрүлдү.

Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бөлүмү тартылган. Мындан сырткары Бишкектин Биринчи май районунун суу ташуучу унаасы, ыкчам тобу көмөктөштү.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG