Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

“Керемет Банк” боюнча кармалгандар эки айга камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында кармалгандардын баары эки айга камакка алынды. Алардын бөгөт чарасы соңку бир нече күндө каралып, Бишкектин тергөө абагына (СИЗО-1) жөнөтүлгөнүн бүгүн 29-декабрда “Азаттык” радиосуна шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары кармалганын, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатканын 23-декабрда башкы көзөмөл органынан кабарлашкан.

Алардан тышкары “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары, буга чейин коопсуздук системасында бир нече жыл иштеп келген Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынганын 22-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктаган. Банктын Бишкек филиалынын директору жана банктын эки кызматкери да кармалганын айрым маалымат каражаттары жазышкан, бирок расмий органдар муну азырынча тастыктай элек.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

«Керемет Банк» коммерациялык банкынын акцияларынын 97,45 пайызына 2018-жылдан бери Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган. «Керемет Банк» мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия УниверсалБанктын” негизинде түзүлгөн.

УКМК кызматкерлери кармаланы боюнча азырынча маалымат же расмий комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG