Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Мирзохалим Каримовдун "Тарыхый тагдырлар" китеби жарык көрдү


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Жаңы жыл алдында белгилүү жазуучу, котормочу, журналист Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси Мирзохалим Каримовдун "Тарыхый тагдырлар" китеби жарык көрдү.

Автор өзүнүн 70 жылдык мааракесине арнаган бул жыйнакта кыргыз адабиятына, маданиятына жан дили менен кызыгып, салым кошкон башка улут өкүлдөрү, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын тарыхы, маданияты, каада-салты, сыймыктуу уул-кыздары ж.б. жөнүндөгү публицистикалык баяндар, эскерүүлөр, маектер камтылган.

"Мирзохалим Каримовдун калемгерлик тагдыры өзгөчө – ал Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунан чыккан алгачкы жазуучу. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуп жүргөндө жазган алгачкы чыгармалары жарыяланганда эле ага үлкөн романист Түгөлбай Сыдыкбеков өзү көңүл буруптур. Үйүнө чакырып, чай үстүндө жакшы кеңештерин айтыптыр. Мисалы, диалектилик деп айрымдар ашкере жериген сөздөрдүн эң уккулуктууларын сенин повестиңден окудум, мындан ары да эч тартынбай орду менен колдоно бер деген экен",- дейт жазуучу тууралуу адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев.

Жазуучунун буга чейин "Кыя жолдор", "Мажүрүм тал", "Жер жылдызы – Жерге-Тал", "Каратегин", "Тажикстандык кыргыздар", "Кыз күйүтү" ж.б. жалпысынан жыйырмадай китеби чыккан.

Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубу уюштурган мыкты аңгемелер сынагынын эки жолку жеңүүчүсү, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Азаттык Медиа" мекемеси уюштурган "Мен билген Айтматов" конкурсунун да ардак баракчасына ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG