Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Путин Си Цзинпинди Москвага келип кетүүгө чакырды


Путин менен Си Цзинпин. Самарканд, 16-сентябрь, 2022-жыл
Путин менен Си Цзинпин. Самарканд, 16-сентябрь, 2022-жыл

Орусия президенти Владимир Путин кытай лидери Си Цзинпин менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Путин тараптардын аскердик кызматташуусун талкуулоо үчүн жазында Си Цзинпинди Москвага келип кетүүгө чакырды.

Орус президенти экономикалык жана саясий изоляцияга алган Батыш өлкөлөрүн сындап, Бээжин менен алакаларды бекемдөө ниетин айткан.

Кытай лидери сүйлөшүү учурунда Москвага барарын бышыктаган жок.

Мындан бир жумадай мурун The Wall Street Journal гезити Си Цзинпин Орусия менен экономикалык алакаларды өөрчүтүү тапшырмасын бергенин жазган.

21-декабрда Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Бээжинге барганда кытай жетекчиси менен жолуккан. Көп узабай Медведевдин Аскердик-өнөр жай комиссиясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду. Мурда андай кызмат жок болчу.

Си Цзинпин октябрда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчылыгына үчүнчү ирет шайланган. Буга чейинки эки мөөнөт деген чектөө Си Цзинпиндин демилгеси менен 2018-жылы жоюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG