Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Киев 3 миңден ашуун аскери туткунда экенин билдирди


Украина. Архив.
Украина. Архив.

Учурда Орусиянын туткунунда 3400дөй украин аскер кызматкери кармалып турат. Бул тууралуу жума күнү украиналык аскерлердин укугу боюнча өкүл Алёна Вербицкая RND немис басылмасына курган маегинде билдирди.

Вербицкаянын айтымында, туткундар тууралуу маалыматты Орусия берген. 15 миңдей адам дайынсыз, анын ичинде жай тургундар да бар.

“Биз алардын (дайынсыздардын) эмне болгонун билбейбиз. Балким алар дагы туткундагылардын арасында же басып алган аймактарга күчтөп алып барылган. Мындай белгисиздик айрыкча алардын туугандарына кыйын болууда”, - деди Вербицкая.

Ал Орусия аскер туткундарынын лагерлерине эл аралык Кызыл чырым уюмуна барууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын, бул Женева конвенциясын бузарын белгиледи. Бул боюнча расмий Москва үн ката элек.

"Настоящее время" сайты Украинанын коргоо министри Кирилл Будановго таянып, 30-декабрга чейин 1456 украин аскерин кайтарып алышканын жазды.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин март айынан бери эки тарап бири-бири менен туткундарды алмашып келет.

XS
SM
MD
LG