Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Жыгач материалдарды ташып чыгууга тыюу салууну узартуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) сырткары өлкөлөргө жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу киргизүүнү сунуштады.

Бул тууралуу токтом долбоору Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Токтом долбоорунун негиздеме катында “өлкөнүн ички рыногунда жыгачтын жана жыгач материалдарынын кескин жетишсиздигин алдын алуу максатында Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан жыгач материалдарын ташып чыгууга тыюуну кайра киргизүү сунушталууда”, - деп айтылат.

Мындай тыюу салууну Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-августунда алты айлык мөөнөт менен киргизген. Токтомдун мөөнөтү 2023-жылдын 14-февралында бүтөт.

21-декабрда “Клооп” басылмасынын сайтына “Кыргызстан Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө кантип жардам берүүдө” деген иликтөө жарыяланган. Анда иликтөөчү журналисттер Беларустун жыгачы Кыргызстан жана Казакстандын атынан Евробиримдиктин аймагына экспорттолуп жатканын аныкташкан. Евробиримдик өз аймагына Беларустун жыгачын импортоого тыюу салгандан кийин аны Кыргызстандын документтери менен ташып кирүү 18 миң эсе көбөйгөн.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, быйыл август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай жатканын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG