Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Талас: УКМК шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган төрт кишини кармады


Аткаминерлерди кармоо учуру, сүрөт УКМК басма сөз кызматына таандык.
Аткаминерлерди кармоо учуру, сүрөт УКМК басма сөз кызматына таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирди.

"Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында Талас шаарынын биринчи вице-мэри, Талас шаардык кеңешинин төрагасы, вице-спикер жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси алдын ала сүйлөшүп алып, ижара акысын төмөндөтүп, ишкерлерден сый акы алган. Жергиликтүү бюджетке ири өлчөмдө зыян алып келген, түшкөн каражаттын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алышкан. 2020-2022-жылдагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашкан", - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы болуп Адылбек Жусупбеков, анын орун басары кызматында Азиз Курамаев иштеп жаткан.

Алар жана адвокаттар азырынча комментарий бере элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG