Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Улуттук банк 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 10-январда 2023-жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, 104 млн. 250 миң АКШ долларын сатыкка чыгарды.

Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жазылды. Бул акыркы жылдардагы эң чоң суммадагы интервенция. Буга чейин 20-декабрда 87,5 млн. АКШ долларын сатыкка чыгарган.

2022-жылы сомдун курсун туруктуу сактап туруу үчүн жалпы сегиз ирет интервенция жасалып, анын суммасы 295 млн. АКШ долларына жеткен.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар былтыр 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго чыгып, кайры түшкөн.

Ушул тапта Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында бир доллар 85-86 сом болууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG