Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

13-январда көпчүлүк аймакта жаан-чачын жаабайт


Ала-Арча улуттук паркы.
Ала-Арча улуттук паркы.

Шашылыш билдирүү

13-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22°, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болот.

Мындай шартта жайыттарда мал кармоо кыйындап, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши оорлойт.

Ысык-Көл облусунун айрым жерлерде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -11…-16;

Талас жергесинде түнкүсүн -20...-25, күндүз -11…-16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12...-17. күндүз -7...-12;

Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -13…-18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -16...-21.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -21…-23°, күндүз -12…-14° болот. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG