Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Бастрыкин орус жарандыгын алган борборазиялыктарды согушка жөнөтүүнү сунуштады


Александр Бастрыкин.
Александр Бастрыкин.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип орус жарандыгын алган адамдарды Украинага каршы согушка жөнөтүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу “Российская газета” басылмасындагы маегинде билдирип, орус жарандыгын алгандардын милдетине токтолду.

"Бул адамдар орус жарандыгын алганда укукка эле ээ болбостон, аларга учурдагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик дагы жүктөлөт. Андай милдеттердин бири - Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө. Атайын аскердик операция өткөрүлүп жаткан учурда мамлекет чет өлкөлүктөргө жеңилдетилген шартта жарандык алууга мүмкүнчүлүк түзүү менен аларды келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө кызыктырат”,-деген Тергөө комитетинин башчысы.

Ал чет өлкөлүктөр аскердик кызмат өтөөдөн кыйгап өтүп, жапырт жарандык алып жатканын айтты. Соңку беш жылда Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген бир миллиондон ашык адам жарандык алганына токтолду.

“2022-жылдын биринчи жарымында эле аталган өлкөлөрдөн келген 60 миңден ашык адам орус жарандыгын алган. Муну менен катар укукка эле ээ болбостон аларды кабыл алган өлкөнү коргоо тууралуу конституциялык милдетке дагы ээ болушту. Ушундан улам аларды атайын аскердик операциянын тапшырмаларын аткарууга аралаштыруу маселесин карап көрүү керек”,- деди Бастрыкин.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап иштеп жүрөт. Жогорку Кеңеште алардын теңи орус жарандыгын алганы айтылган.

Буга чейин Украинадагы согушка орус армиясынын катарында барган эки кыргыз жараны, орус жарандыгын алган бир нече кыргызстандык набыт болуп, алардын сөөгү Кыргызстанда жерге берилген.

Кыргызстан Украина боюнча нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG