Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Таласта жылуулук системасы жарылып, бир аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылында 17-январь күнү буу менен жылытуу системасы жарылып, 33 жаштагы аял каза болду.

Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, келин жарылуудан кийин ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын каза болгонун айтышкан.

"Каза болгон келиндин 2020-жылы туулган баласы күйүк алып, ооруканада", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 11-январда Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында 1990-жылы төрөлгөн келин үч баласы менен иске ууланып каза болгон.

4-январда Бишкекте жана Сузакта бирден киши иске ууланып каза тапкан. 30-декабрда Кадамжайда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү истен кайтыш болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG