Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Президент Юндун сөзү Сеул менен Тегеранды дипломатиялык чырга түрттү


Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл

Сеул менен Тегеран бири-биринин элчилерин чакыртып, Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун Иранды Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “душманы” деп айтканынын төркүнүн териштире баштады.

Өткөн аптада президент Юн БАЭде жайгашкан Түштүк Кореянын атайын күчтөрүнүн базасына барганда Эр-Рияд менен Сеулдун ортосундагы экономикалык жана аскердик кызматташуунун өсүп жатканын кубаттап, арабдарды “бир тууган эл” деп сыпаттаган.

«Бир тууган элдин коопсуздугу – биздин коопсуздук”, – деген түштүк кореялык лидер.

“БАЭнын душманы, аны эң көп коркуткан өлкө - Иран, биздин душман – Түндүк Корея», — деген Юн.

Ирандын тышкы иштер мекемеси президент Юндун “өлкөнүн ички ишине кийлигишкен” сөзүн териштирип жатканын билдирди.

Сеул болсо президент Юн түштүк кореялык аскер күчтөрүнө гана колдоосун билдирип, Ирандын эл аралык мамилеси тууралуу комментарий бербегенин белгиледи.

2011-жылдан бери Түштүк Кореянын 150дөй аскери БАЭде атайын маанидеги күчтөрдү машыктырууга жана башка аскердик аракеттерге катышат. 2009-жылы түштүк кореялык компаниялардын консорциуму БАЭде 40 миллиард долларга бааланган алгачкы АЭСти курууга келишим түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG