Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Кыргыз-өзбек чек арасы: Сариев өткөрмө бекеттер жетишсиз экенин айтты


Кыргыз-өзбек бизнес форуму. 26-январь, 2023- жыл. Бишкек.
Кыргыз-өзбек бизнес форуму. 26-январь, 2023- жыл. Бишкек.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев 26-январда Бишкектеги кыргыз-өзбек бизнес форумунда эки өлкөнүн ишкерлерине тоскоолдук жараткан жагдайларды белгиледи. Алардын негизгилери катары чек арадагы өткөрмө бекеттеринин жетишсиздигин, алардын техникалык жабдылышын жана тез бузулуучу азыктарды жеткирүү үчүн "жашыл коридор" маселесин атады. Мындан улам соода-логистикалык хаб түзүү, ветеринардык документтерди электрондоштуруу, авиа каттамдарды көбөйтүү керектигин белгиледи.

Бул форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январь күндөрү Кыргызстандагы мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулду.

Кыргыз-өзбек чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабык турган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тарта гана ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG