Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Каракол: Ымыркайлар инфекциядан чарчап калганы аныкталып, алты жетекчи иштен алынды


Караколдогу Төрөт үйү.
Караколдогу Төрөт үйү.

Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуяга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынды. Бул тууралуу 27-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, окуянын чоо-жайы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусу менен өткөн көчмө жыйында талкууланганын маалымдады.

Анда “ымыркайлардын инфекция кирип чарчап калышына алып келген учурларды дароо аныктоону жана алдын алууну уюштуруу иши жетиштүү жүрбөгөнү” белгиленди.

Кызматынан алынгандар – Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин аткаруучу Кыдырбаева М.Б., Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын директору Сагынбаев М.О., анын орун басары Атагелдиева И.К., оорукананын бөлүм башчысы Алдашева Р.К., ресурстук борборунун башчысы Айткулуева А.Т. жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Ысык-Көл облусундагы жетекчиси Тайлакова Г.Б.

Мындан тышкары төрөт үйүнүн бир катар кызматкерлерине жана президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды.

Караколдогу төрөт үйү 5-январдан бери жабык туруп, бүгүн ачылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG