Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Тегерандагы Азербайжан элчилигине кол салуудан бир киши набыт болду


Тегерандагы Азербайжандын элчилиги куралдуу кол салуудан кийин. 27-январь, 2023-жыл.
Тегерандагы Азербайжандын элчилиги куралдуу кол салуудан кийин. 27-январь, 2023-жыл.

Иран баш калаасындагы Азербайжандын элчилигине кол салууда бир киши каза таап, эки адам жарадар болгонун Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 27-январда билдирди.

“Кол салган киши элчиликтин күзөт бекетине кирип келип, күзөт кызматынын жетекчисин Калашников автоматынан атып салган”, – деп айтылат Бакунун билдирүүсүндө.

Окуя 27-январда Баку убактысы боюнча эртен мененки 8:30дарда болгон.

Полиция шектүүнү кармады. Жараат алгандардын абалы жакшы.

Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Тегеран полициясына таянып, шектүү элчиликке эки кичинекей баласы менен келгенин, “жеке бир маселелеринен улам ушундай кадамга барган болушу ыктымал" деп жазды.

APA агенттиги дипломатиялык каналдарга таянып, Тегеран полициясынын билдирүүсүн негизсиз деп, элчиликке кол салууну “террордук чабуул” деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG