Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Ирандагы акцияларда өлгөндөр тууралуу жаңы маалымат жарыяланды


Ирандагы демонстранттарды колдогон акциялар Батыштын бир катар мамлекеттеринде да болду. Сүрөт Италияда тартылган.
Ирандагы демонстранттарды колдогон акциялар Батыштын бир катар мамлекеттеринде да болду. Сүрөт Италияда тартылган.

Иранда төрт айдан берки өкмөткө каршы уланган демонстрацияларда кеминде 527 киши набыт болду. Алардын арасында 71 бала жана күч органдарынын 70 өкүлү бар. Бул тууралуу АКШда жайгашкан укук коргоочулар маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency) 29-январда билдирди.

Жалпысынан 20 миңге жакын адам камакка алынган. Адистер алардын жүздөн ашыгы өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүндүгүн белгилешет. Буга чейин бир нече демонстрантка ушундай жаза колдонулду. Ирандын бийлиги өлгөндөр жана камакка алынгандардын жалпы саны боюнча маалымат бере элек.

Иранда өкмөткө каршы нааразылык былтыр сентябрда тутанган. 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып, Адеп-ахлак полициясында каза болгондон соң кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган жапырт нааразылык акциялары башталган.

Дүйнө коомчулугу демонстранттарга күч колдонулушун сындап келатат. Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG