Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Гендердик облигация сатуудан 24 миллион сом түштү


Ишкер аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ишкер аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо максатында чыгарылган алгачкы гендердик облигациялардын 29% сатылып бүткөнүн бүгүн 31-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда “Азия Банкынын" өкүлү Земфира Атакишиева билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 82 миллион сомго ар бири 1000 сомдук 82 миң облигация чыгарылган. 36 айга 12 пайыздык жылдык үстөгү менен чыгарылган бул баалуу кагаздардын бүгүнкү күнгө карата 24 миллион сомдук көлөмү сатылды.

Банк бул 24 миллион сомдун 10 миллионун ишкер аялдарга үч жылдык мөөнөткө 15% жылдык үстөк менен насыя катары бөлүп берди, калган сумма келерки эки айда бөлүштүрүлүп бүтөт. Насыя алгандардын көбү тигүү цехин же туристтик хостел иштеткен айымдар.

Гендердик облигациялар Кыргызстанда 2022-жылдын ноябрь айында чыгарыла баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG