Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Пакистан: мечитте өзүн жардырган жанкечти полициянын кийиминде болгон


Жардыруу болгон мечит.
Жардыруу болгон мечит.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштурган жанкечти полициянын кийиминде болгону аныкталды. Ал мотоцикл менен келген жана эч кандай тоскоолдуксуз мечитке киргенин жергиликтүү полициясынын башчысы билдирди.

30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда жардыруу болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырган.

Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салган адамдын имараттын ичине кантип кирип кеткенин иликтөөнү тапшырган.

Бийлик менен тирешип келаткан “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын колбашчыларынын бири Сарбакаф Мохманд кол салууга жоопкерчилик аларын Твиттерге жазган.

Бирок бир нече сааттан кийин аталган кыймылдын басма сөз катчысы Мухаммад Хурасани мечиттерди жана диний жайларды бутага алуу топтун саясаты эместигин, жардырууга тиешеси жоктугун айтты.

Бул жардыруу ондогон жылдар бою исламчыл согушкерлердин зомбулуктарынан жапа чеккен Пешавар шаарындагы эң кандуу окуя.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG