Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

“Коррупцияга каршы элдик кыймылынын” жетекчиси пара алууга шек саналып кармалды


“Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин директору К.А.С. аттуу жарандын кармалган учуру.
“Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин директору К.А.С. аттуу жарандын кармалган учуру.

Ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин жетекчиси, 62 жаштагы К.А.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган жаран Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысын опузалап, анын үстүнөн райондук милициядагы финансылык текшерүү иштерин токтотуп коюуну убада кылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иши ачылып, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү пара талап кылган кишиден пара алып жаткан учурда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат.

Кармалган жаран буга чейин өзүнүн коомдук бирикмесинин атын пайдаланып жана укук коргоо органдарында байланышы бар экенин айтып, мамлекеттик мекемелерден жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түрдүү маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тартса, алардын “ишин текшертем” деп коркутуп келген. Ал прокуратурага жана Эсеп палатасына арыз менен кайрылып, тиешелүү адамдардан системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

Бул жаран мындан тышкары курулуш компанияларга да кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүнү убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% үлүш талап кылып турган. Фирмалар баш тартса, алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG