Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Сот депутат Бакировдун мандатына байланыштуу арызды кароону келерки аптага белгиледи


Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

Парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири Равшанбек Рысбаевдин депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгаруу арызын кароону Бишкек шаардык административдик соту келерки аптага белгиледи. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады.

Мунун алдында 24.kg басылмасы аталган ишти сот 6-февралда карай турганын жазган. Басылма ал күнкү угууда күбөлөр сураларын маалымдады.

2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан парламентке депутат болуп шайланган. Жарышта жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да болгон.

Равшанбек Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан соң 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын билдирген жана анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.

Жогору Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда “Азаттыкка” берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун мыйзамсыз деп атаган. Анын айтымында, Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күн ичинде каралышы керек. Бакиров бир жылдай убакыт өткөндөн кийин иштин кайрадан көтөрүлүп чыкканын өзүнүн Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир нече отурумдан кийин депутат иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгарылды деген бүтүм чыккан.

Өмүрбек Бакиров 44 жашта, 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 2018-жылы "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңешинин төрагасына кеңешчи болуп дайындалган. 2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП партиясынан депутат болуп барган. 2021-жылы Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. "Элдик" депутаттар тобуна кирет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG