Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13 градус болот.

5-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° градус болот. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG