Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Бишкектеги ыш: Шаар депутаттары ЖЭБдин маалыматын угушту


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкектин ыш маселеси бүгүн 9-февралда шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда көтөрүлдү. Жыйынга Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчилиги катышты.

Депутаттардын ЖЭБде электр чыпкасы орнотулганына карабастан шаарды эмне үчүн ыш каптап жатканы тууралуу суроосуна ишкананын директору Нурлан Өмүркул уулу экология маселесине баа берүү алардын ыйгарым укуктарына кирбей турганын, экология министрлигинде бул боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн айтып жооп берди.

“Эмне үчүн смог деген суроого мен жооп бере албайм. Бизде өлчөө иштерин жүргүзүү, анализ жасоо укугу жок”, - деди ал.

Өмүркул уулу ЖЭБ ышка себепкер деген сөздөр суроо жаратарын айтып, “Өткөндө, ыш көйгөйү курч болуп жатканда ЖЭБ 320 МВт жүктөм менен иштеп жаткан, азыр 420 МВт менен иштөөдөбүз. Эгер биздин айыбыздан болуп жатса, анда азыр, биз жүктөмдү жогорулатканда ыш андан да көп болмок” деп кошумчалады.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер боюнча маалымат берип, биринчи себеби ЖЭБ, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менен курулуп кеткен курулуштар, үчүнчүсү – автоунаалар экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG