Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгрияга барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 12-14-февраль күндөрү Венгрияда расмий сапар менен болот. Анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, жолугушууларда өз ара жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

“Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле, алака-катышты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашат. Жапаровдун Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулат. Будапештте кыргыз-венгер бизнес-форуму өтөт”, - деди Азымбакиев.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда Европадан Венгрия менен мамиле бекемделип жатканын айткан.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон жана анын капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG