Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

Казакстанда мектеп окуучусу балдарга кол салды


Петропавловск шаары
Петропавловск шаары

Казакстандын Петропавловск шаарындагы тогузунчу класстын окуучусу мектепке балта менен бычак көтөрүп келип, балдарга кол салган. Түндүк Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгы билдиргендей, башынан жана билегинен жараат алган эки окуучу балдар ооруканасына жаткырылды, дагы бирине жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүү окуучуну кармап, окуяны иликтей баштады. Күбөлөрдүн айтымында, окуучу мектептин экинчи кабатындагы дааратканага кирип, кийимин алмаштырып, беткап кийген соң коридорго чыгып, бет келген окуучу кызга жана эки балага кол салып, андан соң биринчи кабатка чуркап түшкөн. Окуя сабак баштала электе болгон.

Прокуратура кылмышка шектүү психиатрдын каттоосунда турганын, сотко чейинки иликтөөнүн алкагында окуучунун жана мектептин администрациясынын кыймыл-аракетине укуктук баа берилерин билдирди.

Казакстандын билим берүү министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн, мектепте видео көзөмөл жана чукул эскертүүчү кнопка бар экенин, окуянын бардык тарабы иликтенип жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG