Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Түркия-Сирия: Зилзалада 40 миңге чукул киши набыт болду, Сирияга гумжардам жетпей жатат


БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитис
БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитис

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 40 миңге чукулдады. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге чейин көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калды.

Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин зилзаладан набыт болгондор 31 643 кишиге жеткенин, Сириядагы жоготуулар 5700дөн ашканын Улуттар Уюму кабарлады.

Уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатат. 13-февралда бир үй-бүлөдөн үч аял, төрт жаштагы бир бала тирүү куткарылганы кабарланды. Алар уранды алдында 170 сааттан ашык калган.

Зилзалада кыйраган үйлөрдүн конструкциясынын талапка жооп бербегени үчүн Түркияда кеминде 131 киши суракка тартыла баштаганы кабарланды.

Жер титирөөдөн миңдеген киши жараат алып, миллиондон ашыгы үй-жайсыз калды. Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму зилзаладан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирген.

Улуттар Уюму Башар Сирияда Асаддын режими көзөмөлдөгөн аймактар аркылуу Идлибге гумжардам жеткирүүнү уюштуруу аркетинде. БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитис жакын арада Идлиб провинциясына жардам жиберилерин билдирди. Ал Алеппого барганда

"Бул жердеги адамдардын азабын көрдүк, эми андан арылууга бүткүл дүйнө көмөктөшүүгө тийиш" - деп айтты.

Сириянын бул аймагына Испаниянын дарыгерлеринен башка эл аралык гуманитардык топтор кире элек. Жергиликтүү тургундар БУУну жана башка эл аралык агенттиктерди жардам жеткире албаганы үчүн сындап жатат.

Идлиб провинциясын исламчыл "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу көзөмөлдөйт.

Түркия өз аймагы аркылуу Сириянын саясий режимине баш ийбеген райондоруна жол ачууга макул болгону кабарланды. Учурда Түркия-Сирия чек арасынын Баб ал-Хава бекетинен гумжардам кирүүдө.

XS
SM
MD
LG