Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

"Проект": Путин үчүн жашыруун темир жол станциялары менен курулган


Орусиянын президенти Кара деңизде эс алууда, 29-май, 2021-жыл
Орусиянын президенти Кара деңизде эс алууда, 29-май, 2021-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвадагы башкы резинденциясына темир жол өткөрүлүп, жашыруун станциялар курулган. Бул тууралуу "Проект" басылмасы иликтөөчү журнаисттерге таянып жазды.

Ал станциялардын бири Путиндин Валдайдагы резиденциясына жакын жердеги Валдай улуттук паркынын аймагында жайгашкан. "Проекттин" кабарчысы тик учак коно турган аянтчасы бар станцияны 2022-жылы билип калган.

Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, бул станция менен темир жол 2019-жылы курулган. Путиндин Москва облусунда жайгашкан Ново-Огарёводогу резиденциясынан 400 метр жердеги станция 2015-жылы салынган.

Станция бийик дубалдар менен курчалып, ар бир 10 метр жерге көзөмөл камера коюлган.

2017-жылы Путиндин Кара деңиз жээгиндеги "Бочаров ручей" резиденциясында да платформа жана туюк темир жол линиясы салынган. Электричка жүргөн темир жол бийик дубалдар менен курчалганын "Проект" таап чыккан.

Орус лидери 2021-жылы орус армиясы Украинага кол салууга камынып жаткан маалда темир жол менен жүрө баштаган. Чопкутталган вагондор "Путиндин иш тартибине жараша жана өтө тез ылдамдыкта токтотбой жүрөт".

Буга чейин "Досье" Путин учак менен эмес, поезд менен көп жүрөрүн жазган. Ал үчүн 2015-жылы ок өтпөс вагондор жасалган. Sota басылмасы Москвада президентти жана өкмөт өкүлдөрүн ташыган атайын вокзал бар экенин жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG