Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу сот билдирүү таратты


Алмазбек Атамбаев абактан чыккан кези. 14-февраль, 2023-жыл.
Алмазбек Атамбаев абактан чыккан кези. 14-февраль, 2023-жыл.

Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча билдирүү таратты. Сот ЖМКда жана социалдык тармактарда суроо көп болуп жаткандыктан маалымат берүүнү чечкен.

Билдирүүдө райондук соттун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев айыптуу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши бар экени айтылат. Бири - 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча, экинчиси - 2010-жылдагы Июнь окуясы.

"Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде Атамбаевдин Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Бул иш боюнча күбөлөрдү жана жабырлануучуларды суроо уланып жатат. Сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү эрте. Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес, анткени ал Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча иш жаңыдан кароого жиберилди",- деп айтылат билдирүүдө.

14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти. Бир күн мурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, "коррупцияны уюштурууга" айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG