Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

АКШ Украинага 2 миллиард долларлык жаңы жардам пакетин жарыялады


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин иш сапарынын алдында Капитолийдин айланасына илинген АКШ жана Украинанын желектери. Вашингтон, 21-декабрь, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин иш сапарынын алдында Капитолийдин айланасына илинген АКШ жана Украинанын желектери. Вашингтон, 21-декабрь, 2022-жыл.

24-февралда АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага 2 миллиард долларлык жаңы аскерий жардам пакетин жарыялады. Анда HIMARS ракеталык системалары жана дрондор үчүн ок-дарылар болот. Жабдуулар америкалык өнөр жай тармагына буйрутма берилет, бирок дароо эле Киевге жеткирилбейт.

Ак үйдүн билдиргендей, пакетте CyberLux K8, Switchblade 600, Altius-600 жана Jump 20 учкучсуз учактары, Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө, калкты коргоо үчүн дрондорго каршы жабдыктар жана башка каражаттар бар.

24-февралда Ак үй орус экономикасына каршы санкциялардын жана чектөөлөрдүн да жаңы пакетин жарыялаганын "Америка добушу" кабарлады. Алар Орусияны колдогон 200дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү. Арасында орусиялыктар жана чет элдиктер бар.

Расмий кабарга ылайык, жума күнү "Чоң жетинин" лидерлери чогулуп, Орусияны согуш үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча жаңы экономикалык милдеттенмелерди жарыяламакчы. Жыйында буга чейин киргизилген санкциялардын аткарылышын көзөмөлдөө механизми түзүлгөнү айтылат.

XS
SM
MD
LG