Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Канада Ирандын Революция сакчылары корпусунун 12 жогорку аткаминерине санкция салды


Ирандык кыз-келиндерге тилектештик акциясы. Брюссель, 20-февраль 2023-жыл
Ирандык кыз-келиндерге тилектештик акциясы. Брюссель, 20-февраль 2023-жыл

Канада Ирандын Революция сакчылары корпусунун жана күч түзүмдөрүнүн 12 жогорку аткаминерине санкция салды. Алар митингдерди басууда "адам укуктарын одоно бузгандыгы" үчүн айыпталууда.

Бул тууралуу Канаданын тышкы иштер министрлиги 27-февралда билдирди. Маалыматка караганда, бул ирет “кара тизмеге” Күрдстан провинциясынын өкүлдөрү камтылды.

Укук коргоочулар былтыр студент кыз Махса Амини абакта көз жумгандан кийин тутанган нааразылык акцияларында жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет. Маркум баш кийим салынуу эрежесин бузган деп кармалган. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды.

Канадалыктарга санкцияларга туш болгондор менен иш алып барууга тыюу салынат, алардын Канададагы банк эсептери камакка алынат, өлкө аймагына кире албайт.

Билдирүүдө расмий Оттава Иран режиминин өз элине кылган “коркунучтуу” мамилесине, “пропагандасына, эл аралык стабилдүүлүккө кооп жаратуусуна” каршы чара көрүүнү улантары айтылат.

Тегеран Батыш мамлекеттерин башаламандык уюштурууда деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG