Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

"Жаштайынан базарда иштеген балдардын көбү оорукчан болуп калды"


Машине жууп иштеген өспүрүм. 2018-жылы тартылган сүрөт. Бишкек.
Машине жууп иштеген өспүрүм. 2018-жылы тартылган сүрөт. Бишкек.

Бишкектеги "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинин иштеп жатканына 25 жыл болду. Уюм Кыргызстан жаңыдан эгемендик алып, базарлар негизги нан тапчу жерге айланган кезде мектептен чыгып базарда иштеген балдардын укугун коргоо менен иш баштаган.

Башында балдарды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздап, мектепке кайтаруу менен алектенген бул уюм кийинчерээк жалпы Кыргызстандагы балдардын укугун коргоо жаатында бир топ мыйзамдардын киргизилишине, айрым мыйздамдардын жакшы жагына өзгөртүлүшүнө чоң салым кошту.

"Азаттык" аталган борбордо 25 жылдан бери иштеп келе жаткан социалдык кызматкер, психолог Таалай Жакыповду кепке тартты.

Таалай Жакыпов.
Таалай Жакыпов.

- Таалай мырза, "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесин мен 1999-жылы журналисттик кесибимдин алгачкы күндөрүндө, Ош базарында иштеген, окубаган балдарга ысык тамак берип, кийимдерин жууп-тазалап кийгизген учурдан тарта билем. Ошол күндөргө кайтып барсак, ал убакта кандай багытта иштечү элеңиздер?

- Ал кезде биздин уюм башка багытта иштечү, система бир аз башкачараак эле. Анткени өлкө эгемендик алгандан кийин жашоо оорлоп, элеттеги элдин көпчүлүгү шаарга агылган. Алар менен кошо келген балдарды бул жакта мектепке алчу эмес. Биз ошол мектептен чыгып, базарда жүрүп калган балдарды таап, кайра мектепке кайтарууну көздөгөнбүз. Биринчи максат ошол эле. Ал кезде Ош базарында, ЦУМдун айланасында чөнтөкчү балдар көп эле, араба түртүп, өтүк майлап иштеген балдар өтө көп эле. Ал кезде базарлар жан багуунун бир айласы болуп калган эле да. Андай система менен 2006-жылга чейин иштедик. Биз ошентип көчөдө жүрүп калган же иштеген балдар менен базарлардын, ЦУМдун айланасынан караштырып, жанына барып чоң кишидей сүйлөшүп отуруп, анан борборго алып келчүбүз. Ал убакта балдардын укуктары таптакыр эле корголбой калган. Мектептер "шаарда каттооңор жок, биздин микроучастокко кирбейсиңер, документиңер жок" тиги бу деген болбогон шылтоолор менен албай коюшчу. Медициналык кароо таптакыр токтогон.

Биз атайын долбоор менен адис дарыгерлерди жалдап, балдарды медициналык кароодон өткөргөндө дээрлик 95% оорукчан болуп чыккан. Оор жүк көтөрө берип, омуртка-бели кыйшайып калган, бөйрөгү түшүп калган, заарасы токтобой энурез болуп калгандар жана башка. Ата-энелер деле түшүнө берчү эмес анда, кээ бири мактанып калышчу: "Уулум кадыресе киши болуп жардам берип жатат. Саат алтыда туруп, мен товар алып келгенче соода кылып калды" деп мактанышчу. Бирок ошол алты-жети жашынан тартып суук базарда турган баласы кийин оорукчан болуп калганын кеч билишти. Таманынан сыз өтүп, энурез болуп калган. Жайкысын пияз отоп, кулпунай терген балдардын арасында муундары оорукчан балдар көп болчу. Бул алардын тизелеп отуруп алып иштегенинин залакасы. Ал жер ным болсо... Башынан күн өткөн, аз кандуу, тое тамак жебеген балдар толтура болчу. Ошондой балдарды көчөдөн кайра мектепке кайтаруу, алардын ден соолугун сактап калуу - негизги максатыбыз болгон.

Таалай Жакыпов жана базардагы балдар. Кыргызстан. Сүрөт "Балдарды коргоо борборунун" архивинен.
Таалай Жакыпов жана базардагы балдар. Кыргызстан. Сүрөт "Балдарды коргоо борборунун" архивинен.

ЦУМдун жанына атайын чөнтөкчү балдарды тартыш үчүн барып турчубуз да. Жолобойт, качып алыс жүрүшөт. Бир-эки бала менен чоң киши катары сүйлөшүп, алардын көйгөйүн укканга аракет кылып, бир багыт кылганга аракет кылганыбызды билип, акырын жакындай башташчу. Ошол кездеги коомдун бузулганынын бир эле мисалы - биз менен сүйлөшкөн чөнтөкчү бала бардар үй-бүлөнүн баласы болчу. Ата-энеси экөө тең бар, иштешет. Бирок бала мектепке барбайт, колу укмуш эптүүлүгү менен белгилүү эле. "Алган акчаңды эмне кыласың?" десең, "башка балдарга берем, Свердлов милициясында бир капитанга күн сайын 800 сомдон берем" дечү. Көрсө бала кармалып калса, ал милиционер чыгарып алчу экен. Ошол энергиясын кайда сарптоону билбеген баланы биз кийлигишип, каратэ менен машыгууга бердик. Чөнтөкчүлүгүн токтотту. Ошентип жаман жолдон кайткан балдар деле болду. Тең жарымы десек болор, бирок көнгөн адатын таштай албай, кылмыш дүйнөсүнө аралашып кеткендер да тилекке каршы көп болду.

Ошол балдардын арасында өлкөнүн ар кайсы аймагынан ата-энесине же мугалимдерине таарынып же турмуш-шартынын оордугуна чыдабай келе берген балдар көп эле.

- Ал балдарды өзүңүздөрдүн борборго кантип тартып, кантип таап келчү элеңер?

- Азыркы ишибиз бир аз башкачараак. Ал кезде биз - социалдык же тиричилик кызматкерлери көчөдө иштечүбүз. Жылуулук трассаларын, кабат үйлөрдүн подьезддерин, люктарды кыдырып, издеп тапчубуз. Көргөндө эле качышчу. "Жок дегенде ысык тамак жеп ал, үстүңдөгү кийимдериңди жууп беребиз" деп ачык эле айтчубуз. Бир-экөө биз менен барган соң, ишенич пайда болуп, кийинчерээк өздөрү башкаларын ээрчитип келишчү. Көпчүлүк балдар жакшы сөзгө, жагымдуу мамилеге муюп, биздин балдар борборунда калып деле калышчу. Ал кезде биздин борбор 15-20 орундуу эле. Айрымдары кайрадан кетип калышчу. Кетип кайра милицияга түшүп калган жеринен, бизге алып келген күндөр да болду. Биз аларды ата-энесине, үйлөрүнө кайтарууга аракет кылчубуз. Бирок кээде ата-энелери да аларды кабыл алууга даяр эмес болуп чыкчу. Биз кийинчерээк ата-энелер менен да иштеше баштадык. Аларга балага кандай мамиле кылууну үйрөттүк. Ата-энеси менен сүйлөшүп, "баланын мүнөзү момундай болуп жатат, бул момундайга чейин жеткириши мүмкүн, момундай мамиле жасагыла" деп, экөөнүн ортосундагы байланышты чыңдагандан кийин гана аларды ата-энесине калтырчубуз.

Таалай Жакыпов "Балдарды коргоо борборуна" келген өспүрүмдөр менен. Июнь, 2011-жыл.
Таалай Жакыпов "Балдарды коргоо борборуна" келген өспүрүмдөр менен. Июнь, 2011-жыл.

- Мен билгенден "Ош", "Дордой" базарындагы балдар бир маал тамак жегени келишчү эле...

- Ооба, ал жактагы күндүзгү бөлүмдөргө базарда иштеген балдар тартылып, аларга ысык тамак, витаминдүү азыктар берилчү. Ал жерлерге ар бирине 70-80ге чейин балдар келчү. Бул базарларда араба түрткөн, баштык саткан, өтүк тазалаган же кайыр сураган балдарды чогултуп, күндүзгү бөлүмгө бир маал тамак бере баштаганбыз. Тамак менен чектелбей, кийинчерээк окута баштадык. Себеби бул балдардын баарында айлана-чөйрөгө ызасы аябай күч болчу.


- Мисалы?

- Мектепке кетип бараткан баланы көргөндө араба түртүп же баштык сатып же өтүк тазалап жаткан бала кандай ойдо калат? "Мен эмне үчүн мектепке барбайм, бул татынакай кийинип алып, мектепке барат, неге мен барбайм?" деп ичинен жек көрөт. Анын үстүнө базарда түрдүү адамдар бар, бирөө уруп кетет, бири согуп кетет, акчасын бербей коет. Баланын ызасы ичине аябай толот да, ошол ыза акырындык менен отуруп, коомго каршы агрессияга айланат. Март, апрель окуяларында көрдүк, дүкөндөрдү тоногондордун ичинде 15-20 жаштагы эле өспүрүм балдар жүрдү. Ата-эненин мээрими жетпеген балдар ошондой болуп калат.

Биздин борбор ата-энелер менен иштей баштадык дебедимби. Ал кезде ата-энелердин өздөрү депрессия болуп, көңүл чөгүү күчөгөн. Аракка берилип, ичип кеткен ата-энелер көбөйгөн, атасы ичсе, апасы ачуусун балдарынан чыгарчу. Элестетип көргүлө, кечээ эле айылда аброй күтүп жүргөн кадырлуу адам жашоо үчүн шаарга келсе, бул жерде аны эч ким тааныбайт. Ал өзү да эч кимди тааныбайт. Мунун баары эле келип балдардын психикасына терс таасирин тийгизди.

"Балдарды коргоо борборунда" окуп жаткан балдар. Кыргызстан. Сүрөт "Балдарды коргоо борборунун" архивинен.
"Балдарды коргоо борборунда" окуп жаткан балдар. Кыргызстан. Сүрөт "Балдарды коргоо борборунун" архивинен.

- Тилекке каршы, сиздердин борборго келип жаткан балдардын аягы тыйылган жок да. Саны да азайган жок. Баары жакшы болсо, "Балдарды коргоо борбору" же ишин токтотуп жабылмак же иш багытын таптакыр өзгөртмөк. Бирок дагы деле базардагы, оор турмуштагы, кароосуз калган балдарды кабыл алып, карап, багып келе жатат. Айрым кызматкерлердин айтуусунда, 15-20 жыл мурда борборго келип жүргөн балдардын эми бүгүнкү күнү балдары келип атыптыр...

- 90-жылдары 6-7-класста окугандар бүгүн 30-35те. Алардын үй-бүлө дегенден түшүнүгү жок болуп калган да. Ата-энеси жалаң базарда, балдар да иштейт. Ошол балдар андай жашоону уланткысы келбейт да, 10-классты бүткөн соң, үйүнөн чыгып кетет. Көчөдө жүрүп өзүнө окшогон бирөөгө жолугат. Эптеп жашамыш болуп жүрүп, балалуу болушат. Бала багуу түйшүгү жана башка кыйынчылыктарга чыдабай ажырашат. Бир-эки баласы менен кайра турмушка чыгат. Ошолордун балдары эми ооба, бизге келип жатышат.

Мен жогоруда да айтып кеттим, 2010-жылдан тартып, биз ата-энелер менен да иштеп, аларга үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу, зомбулуксуз жашоо, балдарды урбай-сабабай тарбиялоо сыяктуу сабактарды өткөрүп жатабыз. Бул сабактарга катышкан айрым ата-энелер моюнуна алышты. Бир келин "мен кызым менен уруша эле берчүмүн, азыр урушканды койдум. Кызым экөөбүздүн мамиле аябай жакшы жагына өзгөрдү. Мурда кызым бир идишти сындырып алса, ким кылганын айтпай, билбейм деп туруп берчү. Азыр эми "мен" деп айтып, моюнуна алып, мага ишеничи пайда болду. Мектепте көргөндөрүн айтып берет" деди. Демек, апасы кызын укканды үйрөндү. Ага көңүл буруп, ортодогу мамиле чыңдалды. Апасы укканды билбесе, бала ичиндеги сезимин кантип сыртка чыгарат? Ачууланса, ыза болсо башка бирөөгө зыяны тийбей, чыгарганды билбей атышат. Бизге келген ата-энелер өздөрү деле моюнуна алышат, "жумуштан же базардан маанайым чөгүңкү келсе, балдардын үчөөнү үч жакка кубалап, сабап туруп, анан жаным жыргап отуруп калам" дешет. Мунун арты кайра эле депрессияга алып келет. Ата-энелерде түшүнүк болуп, үй-бүлөдө ынтымак болбосо, ата-эне менен баланын ортосуна жик түшүп, кайрымсыз, мээримсиз, коомго агрессивдүү балдар өсүп чыгат.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG