Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Rheinmetall Киев менен танк заводун куруу тууралуу сүйлөшүп жатат


 "Леопард 2" үлгүсүндөгү танк.
"Леопард 2" үлгүсүндөгү танк.

Германиянын Rheinmetall концерни Украинада танк чыгарган завод курууга байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган компаниянын башчысы Армин Паппергер Rheinische Post басылмасына билдирди. Ишкердин эсебинде, завод курууга болжол менен 200 миллиондой евро керек жана Орусиянын чабуулунун алдын алуу үчүн абадан коргоочу системаларды орнотуу зарыл. Эгер завод ишке кирсе жылына "Пантера KF51" үлгүсүндөгү 400гө чейин танк жасап чыгара алат.

Паппергер Украина менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу үмүтү чоң экенин билдирип, чечим жакынкы эки айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүндүгүн айтты.

"Украинанын жеңиши үчүн аларга 600-800дөй танк керек. Германия өзүндөгү "Леопард 2" үлгсүндөгү 300 танкты берген күндө дагы бул өтө аздык кылат",-деген ишкер. Анын баамында, Украинадагы согуш "дагы узакка созулушу мүмкүн".

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украинада танк жасаган завод куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү сындады. Ал Телеграм-каналына "эгер чындап эле завод курууну чечишсе, бул окуя "Калибр" жана башка жардыруучу түзүлүштөрдүн салюту менен белгилениши керек" деп жазды.

Январь айынын аягында Польша Украинага "Леопард 2" үлгүсүндөгү 14 танк жөнөтөрү белгилүү болгон. Немис бийлиги Киевге 178 "Леопард 1" танктарын берүүгө макулдук берген. АКШ болсо "Абрамс" үлгүсүндөгү 31 танк жөнөтүүгө даярдыгын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG