Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

ИИМ: пара сураганы соцтармакка чыккан кызматкер иштен алынды


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) пара сурап жатканы социалдык тармактарга жарыяланган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери иштен алынганын билдирди. Андан сырткары бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык милициясындагы бир катар жетекчилер тартиптик жазага тартылганын кабарлады.

"1-мартта Инстаграмда “Safari today” аты менен катталган колдонуучу видео жарыялаган. Анда Жол коопсуздугун камсыздаган кызматкер айдоочудан жол эрежесин бузганына байланыштуу айып пул чегербөө үчүн миң сом сурап жатканы тартылган. Видеодогу кызматкер Бишкек милициясынын кенже инспектору, милициянын старшинасы Чыңгыз Курманбеков экени аныкталды. Кызматтык текшерүүнүн натыйжасында Курманбеков иштен алынып, анын командири, милициянын кенже лейтенанты Мирлан Жексимбеков жумуштан төмөндөтүү менен иштен бошотулду. Дагы бир катар жетекчилер тартиптик жазага тартылды",-деп жазылган маалыматта.

ИИМ январь айында Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн биринин жанында мас болуп жаңжал салган милиция кызматкерине жана анын жетекчилерине чара көрүлгөнүн билдирген. Анда социалдык тармактарда Бишкектеги дүкөндөрдүн биринин алдында формачан милиция кызматкери мас абалында турганы, айрым бир жоруктарга барганы тартылган видео тарап, ал талкуу жараткан.

Былтыр жыл аягында Нарын жана Жалал-Абад облустарында уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү опузалап акча талап кылган жана аларды милиция кызматкерлери калкалаган фактылардан улам аталган аймактардын милиция башчылары кызматтан алынган. Кээ бир аймактарда кадрларды алмаштыруу, ротация болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG