Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Үй түрттүрүлгөн окуядан кийин Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барды


Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушуна барды.
Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушуна барды.

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин окуясынан кийин аталган конушка барды. Бул тууралуу "Азаттыкка" квартал башчысы Мирбек Осмонов кабарлады. Анын айтымында, президент башкы прокурор Курманкул Зулушев менен келип маселелер чечилерин убада кылды.

"Ошол жерде чогулган эл негизги маселени, иш токтоп калып кызыл китеп алалбай жатканын айтты. Жер ээлери тоскоолдук жаратып, ошонун негизинде жер мунапысы боюнча чыккан токтомдун 27-пунктундагы "жеке менчикке ээлери аркылуу" деген жерин жокко чыгарып берүүнү өтүнүштү. Президент ошол жерден эле токтомдогу ушул сөздү жокко чыгарып, жерди түз элге бергиле деп айтты. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы электр энергиясы тууралуу маселе козголду. Үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келинге өзүнүн атынан Бишкектен батир берүүнү убада кылды",- деди Осмонов.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун Ак-Ордого барганы тууралуу маалымат бере элек.

Жогорку сот Бишкектеги төрт баласы менен көчөдө калган келинге байланыштуу комментарий берип, соттун бардык инстанцияларында ал келин үйдү мыйзамсыз куруп алганы анык деген чечим чыкканын, сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарганын билдирген.

"Азаттык" биринчилерден болуп үйү бузулуп, балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр өткөн жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийип, 2018-жылы соттошо баштаганын билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG