Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Валентина Шевченко чемпиондук титулун коргой албай калды


Валентина Шевченко жана Алекса Грассо
Валентина Шевченко жана Алекса Грассо

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы бир канча жолку чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык спортчу Алекса Грассодон утулуп калды. Ал 4-мартта сегизинчи жолу чемпиондук макамын коргоо үчүн мелдешке чыккан.

Таймаштын төртүнчү айлампасында Грассо муунткан ыкма колдонуп, Шевченкону таза жеңип алды.

Шевченко буга чейин 26 ирет мелдешке чыгып, 22си анын жеңиши менен аяктаган. Атаандашы Грассо 19 таймаштын 16сында уткан.

Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG