Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Актөбөдө Бишкек-Самара багытындагы поезд менен тепловоз кагышты


"Кыргыз темир жолу" ишканасы буга чейин Бишкек-Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү каттай турганын билдирген.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы буга чейин Бишкек-Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү каттай турганын билдирген.

Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме кылып жергиликтүү басылмалар жазышты. Ага ылайык, окуя 5-мартта эртең менен болгон. Кагылышууда эч ким жабыркаган жок, кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Министрликтин билдиришинче, жүргүнчү ташыган поездде 200дөн ашык адам отурган, алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары болгон.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы бул окуяга байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

Аталган ишкана буга чейин Бишкек-Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү жөнөй турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG