Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Беш жыл ичинде дан азыктары 51,1% кымбаттады


Тандыр нан.
Тандыр нан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттады.

Ун 24,9%, нан 21,6%, кесме 20,6%, күрүч 13,5% жогорулаган.

Улуттук статистика комитети 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы азык-түлүктүн баасы 16,2% кымбаттаганын, буга инфляция себеп экенин билдирди.

Кыргызстанда буудай негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келинет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Импорттук товарлардын өсүшүнө орус-украин согушу, Орусияга салынган жапырт санкциялар, эл аралык логистикалык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашы таасир эткен.

2022-жылдын III кварталындагы орто эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимумунун жалпы республика боюнча көлөмү 7242,09 сомду түзгөн, бул 2021-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13,5% көп. Мында азык-түлүктүн үлүшү 65%, башка товарлар 16%, кызмат көрсөтүүлөр 17% жана салыктар 2% түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG