Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

АКШнын торнадодон жабыркаган аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Миссисипи штаты торнадодон кийин.
Миссисипи штаты торнадодон кийин.

Кошмо Штаттардын торнадодон жабыркаган аймактарында аман калгандарды издөө, тазалоо иштери уланууда. Соңку маалыматтарга караганда, Миссисипи жана Алабама штаттарында ишембиге караган түнү болгон табигый кырсыктан кеминде 25 киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Жергиликтүү жүздөгөн тургун коопсуз жерлерге көчүрүлдү.

Миссисипинин Чукул кырдаалдар башкармалыгы урандыларды тазалаган сайын, набыт болгондордун саны өсүшү ыктымал деп эскертти. Айыл жергесиндеги чакан шаарчалар өзгөчө жапа чекти. Он миңдеген турак жай, ишкана, дүкөндөр электр жарыгысыз калды. Айрым шаарчалар дээрлик жер менен жексен болду.

Жекшембиде АКШ президенти Жо Байден Миссисипи штатында өзгөчө кырдаал жарыялап, жабыркаган жерлерге федералдык бюджеттен каражат бөлүү буйругун берди.

Жергиликтүү метеорологдордун маалыматтарына караганда, катуу шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 270 километрден ашып жатты. Анын артынан нөшөрлөгөн жаан жаап, мөндүр түштү. Торнадо бир нече мүнөттөн кийин тынчыган.

Былтыр октябрда Флорида штатындагы ураган бери дегенде 77 кишинин өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG