Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Акылбек Жапаров Бишкектеги ыш маселесин кайра козгоду


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарынын мэриясы менен кеңешме өткөрүп, баш калаадагы ыш, жол тыгындары, таштандыларды өз убагында чыгаруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Кышында ыш биринчи маселеге айланат, жаз келери менен унутуп калабыз. Мындай болбошу керек. Жайында кышка даярдык көрүү зарыл. Дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу унааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынган. Бул түрдөгү унаалардын өтүүсү үчүн айланып өтүүчү жолдор жана түйүндөр бар. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек. Биздин айдоочулар унаа токтотуучу жай катары жолдун унаа жүрчү тарабын, кээде тротуарларды колдонушат. Ар бир автобуска туура эмес токтотулган унааларды жазуу үчүн видеокамера орнотулушу керек. Бул кадам “Коопсуз шаар” линиясы аркылуу өткөрүлүп, айдоочуларга туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул салынышы керек”, - деди Жапаров.

Ал бул боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы ыш маселесин чечүү үчүн Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык чыпкасын техникалык аудиттен өткөрүү, калктуу конуштарды газдаштыруунун каржылык үлгүсүн иштеп чыгуу, борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын санын көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы январь айында да Бишкектеги ыш маселесине кайрылып, шаардын борборуна аймактан келген эски автоунааларды киришине тыюу салуу тууралуу айткан.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде бир нече жылдан бери Бишкек кыш айларында биринчи сапта турууда.

Бишкектеги ыш маселеси акыркы жылдары байма-бай көтөрүлүп келет. 2022-жылы ЮНИСЕФ бул багытта илимий изилдөө жүргүзүп, ыштан аялдар менен балдардын саламаттыгы өзгөчө зыян тартып жатканын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG