Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Казакстанда "Трамадол" маңзаттардын тизмесине киргизилди


Казакстандын өкмөтү "Трамадол" препаратын маңзаттардын тизмесине киргизди. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, эми аталган препаратты атайын уруксаты бар дарыканалар гана сата алышат.

Дарыны лицензиясыз саткандарга административдик жана кылмыш жазалары каралган.

"Трамадол" — Казакстанда дарыгерлердин рецепти менен сатыла турган күчтүү опиоиддик анальгетик. Ал көз карандылыкты жаратат жана баңгизаты катары колдонулат. Казакстанда бул препарат рецептсиз эле дарыканаларда же көмүскө сатылган учурлар кездешет.

Өткөн жылы Казакстандын батышындагы Орол шаарынын тургундары "Трамадол" соодасына чара көрүүнү бийликтен суранышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG