Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

The Wall Street Journal Орусияда кармалган кабарчысын дароо бошотууну талап кылды


Эван Гершкович. Архивдик сүрөт
Эван Гершкович. Архивдик сүрөт

АКШнын The Wall Street Journal гезити кабарчысынын Орусияда кармалышына жооп кайтарды.

"The Wall Street Journal оурс атайын кызматынын (ФСБ) айыптоолорун кескин четке кагат жана ишенимдүү, кесибине берилген кабарчы Эван Гершковичти дароо бошотууну талап кылат”, - деп айтылат гезиттин билдирүүсундө.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Эван Гершкович тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирген. "Азаттыктын" орус кызматы жазганына караганда, атайын кызмат ал АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.

Кансыз согуш аяктагандан бери америкалык кабарчылар Орусияда темир тор артында кармала элек болчу. Бул окуя Кремль Украинага каршы баштаган согуш маалында Москва менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп жатканын айгинелейт.

"Медуза" журналисттин кесиптешине шилтеме берип, ал Нижний Тагил шаарына барып кеткенин билдирди. Ал жерде танк чыгарган завод орун алган.

30-мартта Орусияда алты жылдай иштеп жүргөн журналист “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн жеринен Екатеринбург шаарында дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар шаар борборунда бир кишини кармап кеткен. Болжол менен ал Гершкович болчу.

Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова кабарчынын Екатеринбургдагы ишмердигинин "журналистикага байланышы болбогонун", бул чет элдиктер журналист кесибине жамынып, башка иш-аракеттерди жүргүзгөн биринчи учур эместигин билдирди.

Журналист мурда Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген. Анын акыркы макаласы 28-мартта жарык көргөн.

Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG