Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Владимир Зеленский Си Цзинпинди Украинага келип кетүүгө чакырды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украина президенти Владимир Зеленский Кытай лидери Си Цзинпинди келип кетүүгө чакырды. Зеленский согуш башталгандан бери алардын жолугуша электигин айтып, Си Цзинпин менен сүйлөөшүнү каалаганын Associated Press агенттигине билдирди.

Бир апта мурун Кытай жетекчиси Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан.

"Америка добушу" радиосу маалымдагандай, Бээжин азырынча жооп бере элек. Зеленский буга чейин да Кытай лидерин чакырган, бирок бул ирет чакыруусун Синин Москва сапарынан кийин кайталады.

"Биз аны бул жерде кабыл алууга даярбыз. Толук масштабдуу согушка чейин биз мамиле курганбыз. Бирок бир жылдан ашуун байланышкан эмеспиз", - деп айтты Зеленский.

Си Цзинпин чакырууну кабыл алабы жана расмий кат жөнөтүлгөнбү? деген суроого Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин "бөлүшө турган маалыматы жоктугун" айтып жооп берди. Анын айтымында, Бээжин "бардык тараптар, анын ичинде Украина менен байланыштарды сактап келет".

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG