Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Бишкекте шаардык милиция башчысын иштен алууну талап кылган акция өтөт


Азамат Ногойбаев.
Азамат Ногойбаев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында 3-апрелде митинг өтөт. Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын билдиришинче, нааразылык акциясына чыккандар шаардык милиция башчы Азамат Ногойбаевдин иштен алынышын талап кылышат.

Мунун алдында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүү баштаганы белгилүү болгон.

Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

"Тилекке каршы, жашы жете электер арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар болууда. Биз жергиликтүү бийлик, социалдык кызматкерлер менен мектептерде профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Бирок баары бир мындай окуялар катталууда. Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар ушундай кырдаалга учурап калып жатат. Бирөөлөр менен таанышып, жыныстык катнашка барат, анан бизде ушундай кырдаал жаралууда. Албетте, жашы жете элек балдарга мындай аракеттерди кылгандар жазасыз калбашы керек. 2021-жылы өз жанын кыйган өспүрүм кыз жыныстык катнашка барган адамга турмушка чыккысы келген", - деген Ногойбаев.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ногойбаевдин айткандарын айыптап, өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскерткен. Шаардык милициянын башчысынын соңку билдирүүсү талаш-талкуу жаратып, айрым укук коргоочулар анын отставкасын талап кыла баштаган.

2021-жылы Бишкекте 13 жаштагы кыз зордукталгандан беш айдан кийин өз жанын кыйганы ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болгон. Быйыл жыл башында Башкы прокуратура ишти кайра карап, зордуктоо фактысын жетиштүү тергебей, ишти жапкан Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсүн, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин жана зордуктоого шектүү адамды камаган.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 18 жашка чейинки бала 2,5 миллиондон ашык бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG