Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Тажикстанда камактагы адвокаттын үстүнөн дагы бир иш козголду


Бузургмехр Ёров. Архивдик сүрөт
Бузургмехр Ёров. Архивдик сүрөт

Тажикстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго дагы бир кылмыш иши козголуп, Вахдаттагы колониядан Дүйшөмбүдөгү СИЗОго которулду. “Озоди” радиосу жазганына караганда, тиешелүү органдар бул маалыматка комментарий бере элек.

4-апрелде Польшада жайгашкан "Бузургмехр" фонду аны "көз боемочулук үчүн айыптап жатышканын", бул иш ойдон чыгарылганын билдирди.

Андай айыптоо үчүн Тажикстанда айып пулга жыгуу же 8-12 жылга абакка кесүү каралган. Маалыматка караганда, кылмыш иши Вахдаттагы колонияда отурган бир кишинин арызынын негизинде козголгон. Бирок арыз жазууга эмне себеп болгону белгисиз.

52 жаштагы Ёровго ушуну менен төртүнчү иш козголууда. Адвокат 2015-жылы көз боемочулук жана документтерди жасоого айыпталып камалган. Ага чейин ал Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 14 мүчөсүн коргоп жүргөн. Кийин Ёров бийлик өкүлүнө, тажик президентине акаарат келтирүү, сотту сыйлабагандыгы үчүн күнөөлөнгөн. 2016-жылы 28 жылга кесилген. 2021-жылы мунапыска илинип, жаза мөөнөтү 4 жылга кыскарган.

2019-жылы БУУнун жумушчу тобу адвокаттын камалышын "эл аралык укукту бузуу" деп атаган. Уюм Ёров саясий оппозицияны коргогону үчүн куугунтукка кабылган деп, аны боштонуу талап кылган. Тажик бийлиги "сот анын күнөөсүн далилдегенин, иштин саясий боегу жок экенин" айтып жооп берген.

XS
SM
MD
LG