Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Казак прокуратурасы: Кыргызстанда Күдебаевдин качышына байланыштуу иш козголду


Серик Күдебаев
Серик Күдебаев

Казакстандын Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Серик Күдебаевдин качып кетишине байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иши ачылганы кабарланды. Ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шек саналып жатканын Казакстандын башкы прокурорунун орунбасары Жандос Умиралиев айтты.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалыматты тактап жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Умиралиев кошумчалагандай, Казакстан Күдебаевдин иши боюнча Түркиянын укук коргоо органдарына да өтүнүч жөнөткөн.

Былтыркы кандуу Январь окуясына байланыштуу айыпталып жаткан Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазган. Кийинчерээк өлкөнүн чек ара кызматы ал чек арадан расмий чыкпаганын маалымдаган.

Былтыр январдагы тоз-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майору Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткени айтылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Тергөө маалында ал үй камагында болгон.

Прокурор Кудебаевди тогуз жылга эркинен ажыратууну сураган.

XS
SM
MD
LG